• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда Орозо айы качан башталары белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда Орозо айы 24-апрелде башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

"Эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана коңшу Өзбекстан жана Казакстандын дин башкармалыктары менен кеңешип орозонун биринчи күнү аныкталды. Шарияттын көрсөтмөлөрүнө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык Рамазан айы ушул жылдын 24-апрелинде башталат деген чечим кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Муфтияттан белгилешкендей, көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий