• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда орточо айлык акы 18 миң сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Быйыл январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 18 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Былтыркы жылдын январь-июнь айларына караганда орточо айлык акы 10,5%га көбөйгөн.

Статистика комитети белгилегендей, учурда Кыргызстанда айлык акы калктын негизги киреше булагы болбой калган. Себеби калктын 76%ынын негизги киреше булагы айыл-чарба тармагы жана ишкерчилик болуп келет.

"Азыркы учурда Улуттук статистика комитети, эл аралык уюмдардын сунуштарынын негизинде иштелип чыккан нускамага ылайык юридикалык жактар тарабынан толтурулган статистикалык отчет боюнча юридикалык жактарда жалданып иштеген кызматкерлердин гана орточо айлык акысын эсептеп чыгарат. Ай сайын Улуттук статистика комитетине кызматкерлердин саны жана айлык акынын өлчөмү тууралуу отчетту 16 миңге жакын ишкана жана уюм тапшырат", - деп билдирет Статистика комитети.

Кайсы тармак экенине жараша бир кызматкердин орточо айлык маянасы 9 миң 800 сомдон 36 миң сомго чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча орточо маяна 17 миң 999 сомду түзөт (2020-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча).

Маселен орточо маянасы жогору болгон тармактарга каржы ортомчулугу жана камсыздандыруу тармагы (36 миң 28 сом, маалымат жана байланыш чөйрөсү (35 миң 133 сом) жана кен казуу тармагы (35 миң 5 сом) кирет.

Ал эми орточо айлык акысы аз тармактарга искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (9 миң 829 сом), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык камсыздоо (10 миң 750 сом) жана билим берүү тармагы (14 миң 509 сом) кирген.

Пикир

Оставить комментарий