• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда орточо айлык акы 30 миң сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 2023-жылдын январь-февралында 30 миң 93 сомду түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтуусунда, аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге жогору.

"Өсүш искусства, мамбашкаруу жана коргоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык кызмат, маалымат жана байланыш, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий