• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда орточо айлык акылар жыл ичинде 9,4 пайызга көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь-июль айларында бир айдагы номиналдуу орточо айлык акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17 миң 996 сом болду. Бул тууралуу КР Экономика министрлиги өткөргөн брифингде айтылды.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын январь-июль айларына салыштырганда быйылкы жылда айлык акылар 9,4 пайызга көбөйүп, анын керектөөчү баалардын индекси менен эсептелген реалдуу көлөмү 3,5 пайызга өскөн.

Ал эми инфляциянын деңгээлин көрсөткөн керектөөчү баалардын индекси 102,2 пайызды (2020-жылдын августу өткөн жылдын декабрына карата) түзгөн.

Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2020-жылдын январь-августу 2019-жылдын январь-августуна карата) 105,6 пайызды түзгөн, ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2018-жылдын январь-август айларында инфляция 100,4 пайыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий