• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда орточо айлык акы 25 миң 390 сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда 10 айдын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 25 миң 390 сомду (чакан ишканаларды эсепке албаганда) түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмгек акы 27,9%га өскөн, ал эми реалдуу сумма инфляцияны эске алганда 14,5%га өскөн.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 113,5%ды түздү (2022-жылдын январь-ноябрь айлары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2022-жылдын январь-ноябрь айлары 2021-жылдын январь-ноябрына карата) 115%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий