• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда орточо айлык акы 19 миң 586 сом же 231 долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 19 586 сомду түзүп, 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматына ылайык, КР Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, 2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 231,6 АКШ долларын түздү.

Эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы республиканын бардык аймактарынын ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Белгиленгендей, Орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин эң олуттуу жогорулашы Ош облусунун (10,9 процент), Ош шаарынын (13,5 процент) жана Бишкек шаарынын (9,9 процент) ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлеринде байкалды.

Эмгек акынын эң бийик өлчөмү Бишкек шаарында (24 931 сом), Нарын (18 870 сом) жана Жалал-Абад (18 609 сом) облустарынын кызматкерлеринде катталды.

2021-жылдын январь-августунда аймактар боюнча орточо айлык номиналдык
эмгек акы (чакан ишканаларды эсептебегенде):

Сом

Мурунку жылдын тийиштүү

мезгилине карата пайыз менен

Кыргыз Республикасы

19 586

109,2

Баткен облусу

14 307

107,8

Жалал-Абад облусу

18 609

106,5

Ысык-Көл облусу

14 572

105,8

Нарын облусу

18 870

106,0

Ош облусу

13 711

110,9

Талас облусу

17 587

104,4

Чій облусу

17 356

107,8

Бишкек шаары

24 931

109,9

Ош шаары

17 625

113,5

2021-жылдын январь-августунда бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,7 эсеге жогору болду.

Бюджеттик чөйрөдө, бюджеттик эмес чөйрөдөй эле, Ош шаарынын (13,1 процент) жана Ош облусунун (8,8 процент) ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлеринде орточо айлык эмгек акысынын өсүү темпинин олуттуу жогорулашы байкалды.

2021-жылдын январь-августунда аймактар боюнча бюджеттик жана бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин орточо айлык номиналдык эмгек акысы:

Сом

Мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен

бюджеттик чөйрө

бюджеттик эмес чөйрө

бюджеттик чөйрө

бюджеттик эмес чөйрө

Кыргыз Республикасы

15 746

26 136

105,9

111,1

Баткен облусу

13 726

16 841

106,6

111,0

Жалал-Абад облусу

13 328

30 906

103,8

105,0

Ысык-Кјл облусу

13 530

17 465

104,7

108,2

Нарын облусу

17 673

25 871

104,7

111,2

Ош облусу

12 972

19 304

108,8

122,3

Талас облусу

13 007

38 038

103,7

105,1

Чій облусу

14 574

21 376

103,9

110,9

Бишкек ш.

20 728

28 208

105,3

112,0

Ош ш.

15 934

21 096

113,1

113,6

2021-жылдын январь-августунда орточо республикалык денгээлди маалымат жана байланыш (41 206 сом), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (39 686 сом), пайдалуу кендерди казуу (39 041 сом) чөйрөлөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысы ашты.

Ошондой эле эң төмөн эмгек акы искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (10 028 сом), айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук (11 355 сом), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (11 814 сом) чөйрөлөрүнүн кызматкерлеринде белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий