• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда орточо маяна 236 долларды түздү – Статистика комитети

Экономика 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. 2019-жылдын январь-август айларында орточо айлык маяна 236 доллар же 16 миң 451 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы билдирди.

Анын айтымында, орточо маяна кайсы кесип экендигине жараша айырмаланып турат. Маселен биринде орточо айлык 8,7 миң сом болсо, биринде 36,2 миң сомду түзөт.

Султанов белгилегендей, 5 жыл ичинде орточо айлык акы 33%га өскөн.

"2018-жылы өлкөдөгү ишкана, мекеме жана уюмдардын бир кызматкеринин орточо номиналдык айлык акысы 16 миң 218 сомду түзгөн. Каржы ортомчулугу жана камсыздандырууда – 36 миң 209 сом, маалымат жана байланыш – 32 миң 260 сом, электр энергия, газ менен камсыз кылуу – 30 миң 995 сом, унаа ишмердиги жана жүк сактоо – 24 миң 924 сом. Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин орточо маянасы 11 миң 379 сом болсо, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлериники 10 миң 198 сомду түзгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий