• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда орус тилинин өнүгүшү маанилүү - премьер

Коом 0

Бишкек, 4-август /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстанга республикада орус тилинин өнүгүшү маанилүү. Бул тууралуу президенттикке талапкер, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, Жээнбеков бүгүн кыргыз тили боюнча тест тапшырды. Өкмөт башчы тесттен 94,6 балл алды.

Премьер белгилегендей, орус тили Кыргызстанда сөзсүз сакталышы керек. Орус тили - достуктун тили, БУУнун тили. Бул тилге Кыргызстанда расмий статус берилген.

“Мен өзүм орус тилинде окуп орус тили мугалими болуп иштегем, мындан улам орус тили Кыргызстанда өнүгүшү мен үчүн өтө маанилүү”,-деди Жээнбеков.

Анын айтымында, көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн орус тили -дүйнөгө, илимге , техникага, искусствого, маданиятка жана билимге терезе болуп берет.

Премьер министр кыргызстандыктар аз дегенде үч тилди билиши керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий