• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда пайдаланылган көмүр толук 100% талапка жооп бербейт – Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда пайдаланылган көмүр толук 100% талапка жооп бербейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысы Аязбек Кыдыргычев билдирди.

Анын айтымында, көмүрдүн сапатына Өнөр жай, энергетика жан жер казынадарын пайдалануу мамлекеттик комитети жооп берет.

"Совет мезгилинде бизге Карагандынын көмүрү алынып келчү. Ала жогорку калориялуу жана сапаттуу болчу. Учурда рыноктук мамилелер болгондуктан сапатка эмес баага карашат. Сапаттуу көмүр ташылып келиши үчүн бул маселенин үстүндө иш алып баруу керек", - деди ал.

Ал белгилегендей, Кыргызстанга Шабыркүл көмүрү алынып келет.

"Ошондой эле өзүбүздүн Кара-Кече көмүрүбүз бар. Аны 100% талапка жооп берет деп айта албайм", - деди Кыдыргычев.

Пикир

Оставить комментарий