• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Экономика 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда пахтаны өстүрүү жана андан текстиль буюмдарын өндүрүүнү караган кластердик өндүрүш долбоору даярдалууда.

“Бул Кыргызстандын текстиль тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Бизде пахта бар, бирок аны кайра иштетүү жок. Биздин дыйкандар түшүмүн арзан баада сатууга аргасыз”, - деди Алиев.

Ишкананын курулушу Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

“Биздин фонд Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн алкагында түзүлгөн. 2022-жылы биз жигердүү баштадык. Азыр бизде жалпы суммасы 8 млн доллардан ашык каражатка төрт долбоор бар жана 20дан ашык ар кандай долбоорлорго кредиттик линияларды даярдап жатабыз. Алар ар кандай этапта. Алардын жалпы баасы 100 млн доллардан ашат. Даяр болгондон кийин каржылоону баштайбыз”, - деп кошумчалады Аалиев.

Ал долбоорлор Кыргызстандын өнөр жайын жана энергетикасын өнүктүрүүгө багытталганын тактады.

Пикир

Оставить комментарий