• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда “Парктар маршы-2019” экологиялык акциясы старт алды

Коом 0

Бишкек, 17.04.19 /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык “Парктар маршы-2019” экологиялык акциясы старт алды. Тиешелүү буйрукка Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов кол койгон.

Бул жылы экологиялык акция “Өсүмдүктөр өскөн жана жаныбарлар жашаган жерлерди коргойбуз” деген ураан алдында өтөт.

Аталган иш-чаранын максаты – өлкөнүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары тууралуу айтып берип, Кыргызстандын уникалдуу экосистемасын жана биоартүрдүүлүктү сактоого жаштардын жана коомчулуктун көңүлүн буруу.

Акция өлкөнүн баардык аймактарында өтөт. Ага 10 мамлекеттик жаратылыш коругу, 12 мамлекеттик жаратылыш паркы жана Ысык-Көл биосфералык аймактын дирекциясы катышат. Акция июль айына чейин уланат.

Бул акциянын алкагында студенттерге жана мектеп окуучуларына “Өсүмдүктөр өскөн жана жаныбарлар жашаган жерлерди сактайлы” деген темада лекциялар окулуп, маалымат баракчалары басып чыгарылып, тегерек столдор, балдар арасында сүрөт сынактары өткөрүлөт. Андан тышкары Кыргызстан боюнча айлана-чөйрөнү жана социалдык объектилердин, коруктардын аймактарын тазалоо боюнча иштер жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий