• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда парламент депутаттары үчүн жаш куракты жогорулатуу сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. “КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын долбоору 2021-жылдын 16-июнунан тарта коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат-негиздемеге ылайык, бул конституциялык мыйзамдын долбоору 2021-жылдын 11-апрелинде референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынган КР Конституциясын аткаруу жана Жогорку Кеңештин депутатынын ишинин негизги принциптерин жана кепилдиктерин, ошондой эле анын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктаган жоболорун андан ары өркүндөтүү максатында иштеп чыккан.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” КР Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө Конституциядан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарды жана өздөрүнүн чечимдерин Конституцияга ылайык келтирсин деп белгиленген.

Мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык партиялык тизмелер боюнча жана бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган депутаттардын жана Конституцияда, ушул конституциялык Мыйзамда, Жогорку Кеңештин Регламентинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген мыйзам чыгаруу жана башка ыйгарым укуктарды Жогорку Кеңеште жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген, 25 жаш курагынан кем эмес КРнын жараны болуп саналарын белгилеген жоболор сунуш кылынган.

Ошондой эле ушул конституциялык мыйзам долбоору менен Конституциянын жоболоруна ылайык келтирүү каралган, ага ылайык Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатты чакыртып алганда, ошондой эле бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү үзгүлтүксүз жок болгондо токтотулушу, Жогорку Кеңешинин депутатынын негизги укуктары жана милдеттери, Жогорку Кеңештин депутатынын парламенттик фракцияларга, депутаттык топторго мүчөлүгү, Депутаттык суроо-талап, Жогорку Кеңештин депутатынын көз карандысыздыгынын кепилдиги боюнча жоболор каралган.

Аталган конституциялык Мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Мыйзам долбоору Конституциянын жана КРнын башка ченемдик укуктук актыларынын нормаларына ылайык келет.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары: Г.Асылбаева, Б.Турусбеков, Б.Торобаев. У.Примов, Г.Молдобекова, О.Бакиров, Т.Икрамов, С.Нышанов, К.Рыспаев, А.Артыков, Б.Райымкулов, М.Маматалиев, М.Абдалиев. И.Эгембердиев, Ч.Урумкалиева, Б.Нурдинов, Н.Арзыбаев, У.Исмаилов, А.Султанов, Д.Жумабеков, Ш.Абдылдаев, Н.Сыдыгалиев, Ж.Турускулов, Т.Тиллаев, А.Токтомамбетов, М.Бакиров, Э.Тагаев, Э.Байбакпаев, Б.Субанбеков, А.Бешимбаева, П.Тулендыбаев, А.Бердиев, З.Шарапов, С.Исманов, О.Жээнбаев, У.Кыдыралиев, А.Дюшалиев, К.Баймуратов, С.Ибраев, М.Айнакулов, Ш.Атазов. Б.Аманова.

Эске салсак, эски мыйзамга ылайык, 21 жаш курагынан кем эмес Кыргызстандын жараны Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Пикир

Оставить комментарий