• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүүдө — фоторепортаж

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 28-ноябрда, жетинчи чакырылыштары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдагандай, парламенттин жаңы курамы 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткөн шайланат. Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет.

Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 621 миң 751ди түзөт.

Партияларды шайлоо үчүн жалпы 3 млн 702 миң 646 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде 2 млн 970 миң157, орус тилинде 732 миң 489 бюллетень бар. Мындан тышкары, 2 миң 494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүү үчүн 3 млн 625 миң 277 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде 2 млн 928 миң 810, орус тилинде 696 миң 467, Брайль ариби менен 2 миң 435 бюллетень жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий