• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда парламенттик шайлоо жыйынтыкталды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, кечки саат 20:00гө чейин шайлоочуларды кабыл алды.

Саат 18:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 594 миң 802 шайлоочу добуш берген.

Бишкек - 223 миң 119 шайлоочу, Ош шаарында - 101 миң 271, Жалал-Абад облусунда - 303 миң 450, Ысык-Көл облусунда - 117 миң 450, Нарын облусунда - 79 миң 939, Ош облусунда - 317 миң 927, Баткен облусунда - 115 миң 358, Талас облусунда - 69 миң 263, Чүй облусунда 260 миң 471 шайлоочу добуш беришти.

Ал эми чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине кирген 32 миң 602 шайлоочунун 6 миң 554ү добуш берген. Жалпы шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

Ошондой эле саат 19:00гө карата Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде шайлоодогу мыйзам бузуу фактылары боюнча 21 иш катталды. ИИМдин тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов билдиргендей, 14 факт кылмыш иши жана 7 учур жорук иши катары катталган.

Парламенттик шайлоого карата БШКда 16 саясий партиянын 1 миң 957 талапкери катталган. Алардын ичинен 57 талапкер ар кандай себептер жана өздөрүнүн берген арызына ылайык, талапкерлердин тизмесинен чыгарылган. Быйылкы парламенттик шайлоого 16 партия катышты:

1. «Ата-Мекен»

2. «Бир-Бол»

3. «Биримдик»

4. «Замандаш»

5. «Кыргызстан»

6. «Мекеним Кыргызстан»

7. «Мекеним Ынтымагы»

8. «Мекенчил»

9. «Ордо»

10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»

1. «Республика»

12. «Реформа»

13. «Социал-Демократтар»

14. «Чоң Казат»

15. «Ыйман Нуру»

16. «Бүтүн Кыргызстан».

Пикир

Оставить комментарий