• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери бир айга созулат, тактап айтканда, 27-ноябрга чейин.

Боршайкомдун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, эртең, 30-октябрда Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо катталган саясий партиялардын, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин арасында шайлоо бюллетенине киргизүүдөгү кезектүүлүктү аныктоо боюнча чүчүкулак өтөт.

Эске салсак, бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот, партиялык тизме менен 54 талапкер, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутат болуп келет.

Белгилей кетсек, бул жолку парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий