• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда паспортко жоолукчан сүрөткө түшүүгө болот – Мамкаттоо

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда паспортко жоолукчан сүрөткө түшүүгө болот. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Кубанычбек Саданбеков билдирди.

Ал паспортко сүрөткө түшүү боюнча белгилүү стандарттар бар экендигин айтты.

“Биз ИКАОнун (Эл аралык жарандык авиация уюму) эл аралык стандарттарын карманабыз. Жоолукчан сүрөткө түшүүгө болот, бирок бет ачык болушу керек”, - деди ал.

Саданбеков башка баш кийимдер менен сүрөткө түшүүгө болбой турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий