• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда ПЧР-тесттер жетиштүү көлөмдө – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда ПЧР-тесттердин запасы жетиштүү көлөмдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ПЧР-тесттерди сатып алуу каналдары жөнгө салынган. Республика боюнча тесттер менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. “Кечээ биз Россиядан ПЧР-тесттерди алдык, ал 29 миң изилдөө жүргүзгөнгө жетет. Беларустан дагы тесттерди алып жатабыз. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жардам катары 5,5 миң ПЧР-тесттерди берген. Бүгүнкү күнгө карата тесттердин кору жетиштүү”, - деп белгиледи ал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 27 миң 951ди түзөт. Ал эми сутка ичинде 985 изилдөө жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 466га жетет. Алардын ичинен 91 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий