• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда пенсия дагы көбөйөт. Өкмөт башчы токтомго кол койду

Коом 0

Бишкек, 30.09.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюп, бул маселени ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө» жана «2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна кол койду. Аларга ылайык, 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү каралууда.

Аны менен бирге пенсиялардын жана салынган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнө жараша пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 7%дан 18%га чейин жана андан ашык көбөйөт. Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн көбөйүшү орточо 10,4% түзөт.

Өкмөттүн бул чечимдери эң төмөнкү чегин аныктоонун эсебинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, төлөм көп болсо, индексациялоо көп принциби боюнча пенсия тутумуна ири чегерүүлөрдү жасаган жарандардын кызыкчылыгын коргойт.

Пенсияларды эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиялардын орточо көлөмү 5820 сомду түзөт. 667,3 миң пенсионерди индексациялоого кошумча 659,2 млн сом талап кылынат. Аны менен бирге пенсиялардын базалык бөлүгүн жогорулатуу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен – 67,3 млн сом, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Пенсия фондунун каражаттарынын эсебинен – 592 млн сом керек. Эртеңки күндөн тартып пенсионерлер жогорулатылган пенсия ала башташат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, социалдык төлөмдөрдү сапаттуу жана толук кандуу аткаруу мамлекеттин биринчи кезектеги милдеттиринин бири болуп саналат.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, мамлекет тарабынан көрүлгөн чаралар бардык төлөмдөрдү ак ниет жүргүзгөн жарандарга карата кыйла калыс пенсиялык тутумду түзүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий