• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда пенсияны 7%га жогорулатуу пландалууда - Боронов

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда пенсияны 7%га жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, быйыл 1-октябрдан тарта пенсияларды индексациялоо иштери жүргүзүлөт.

"Бул максатта өкмөттүн 2 токтому чыкты. Индексациялоонун жыйынтыгы менен пенсиянын орточо өлчөмү 7%га (107%) өсүп, 6 миң 61 сомду түзөт. Жалпысынан 689 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 827,8 млн сом керектелет жана ал акча бөлүнүп берилди. Анын ичинен республикалык бюджеттен пенсиянын базалык бөлүгүнө 75,2 млн сом, пенсиялык фонддун эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 752,6 млн сом кошумча керектелет", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий