• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда пенсионерлердин саны 672,8 миң кишини түзөт

Коом 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар. Кыргызстанда пенсия алгандардын саны 672,8 миң кишини түзөт. Бул тууралуу Социалдык фондунан билдиришти.

"2020-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча пенсия алгандардын саны 672,8 миң кишини түздү. Алардын ичинен 301,7 миң пенсионер пенсияларын (45%) "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу, 371,7 миң пенсионер (55%) банк аркылуу алган. 2018-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 21,6 миң кишиге арткан", - деп билдиришти Социалдык фонддон.

Социалдык фонддон белгилешкендей, былтыр пенсия жана башка социалдык төлөмдөргө 45 млрд 290,2 млн сом сарпталган. Ал 2018-жылга караганда 2 млрд 864 млн сомго арткан.

Пикир

Оставить комментарий