• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда пилоттук түрдө калкты кайра каттоо башталды

Коом 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда 25-марттан тарта пилоттук түрдө калкты жана турак жайды кайра каттоо кампаниясы старт алды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, каттоо Чүй облусунун Чүй районунда жана Токмок шаарынын аймагында жүрүүдө.

“Калкты кайра каттоого 277 кызматкер, 55 инструктор-көзөмөлдөгүчтөр жана катоо бөлүмдөрүнүн 13 координатору тартылган. Аны менен бирге кызматкерлер калкты кайра каттоонун электрондук форматына калк тууралуу маалыматты оф-лайн режиминде киргизүү боюнча мобилдик тиркемени текшерүүдөн өткөрүшөт”, -деп берилет маалыматта.

Ал эми республика боюнча калкты кайра каттоо кийинки жылы өтөт. Бул каттоонун өзгөчөлүгү болуп, эмгек миграция жана туруктуу өнүгүү индикаторлору тууралуу суроолор болот.

Так ушундай суроолор блогу ЕАЭБдин баардык өлкөлөрүндө иштейт. Бул чогултулган маалымат Бирикменин мүчөсү болгон баардык өлкөлөрдүн ички жана тышкы миграция картасын жана ар бир өлкөдөгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын санын аныктоого жардам берет.

Жалпысынан Кыргызстанда каттоо жургүзүү үчүн 25 миң кызматкер чакырылат. Анын ичинен 18 миңи каттоочу кызматкерлер болот. Республикада 563 каттоо бөлүмдөрү жана 4 миң инструктордук тилке түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий