• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда популярдуу «Орёл и решка» теле берүүсү тартылып бүттү

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 1-июлдан 17-июлга чейин КРнын Туризм департаменти «Орёл и решка» теле берүүсүнүн жамааты менен биргеликте Кыргызстанда өлкөнүн кооз жерлерин тасмага тартуу боюнча иштеп жатат.

Кыргызстан туристтик мүмкүнчүлүгү чексиз, бай тарыхы, көчмөн цивилизациясы, жаратылыш ландшафтары, бийик чокулары, мөңгүлөрү жана тоо кыркалары, таза жана туздуу көлдөрү, шар аккан дарыялары жана артезиан даамдуу суулары, элинин меймандостугу менен башка өлкөлөрдөн айырмаланат.

«Орел и Решка» программасынын жамааты өлкөбүздүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарында болушуп, өлкөбүздүн кооз жерлерин тасмага түшүрүштү. Аталган программанын Кыргызстан тууралуу чыгарылышы графикке ылайык, ушул жылдын сентябрь айына пландалган»,-деп белгиледи Департаменттен.

КР президентинин администрациясынын колдоосу менен тасмага тартуу тобу тарабынан да, туризм департаменти тарабынан дагы чоң иштер аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий