• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы башталды

Саясат 0

Бишкек, 24.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурация салтанаты башталды.

Мамлекет башчынын кызматына өтүү салтанаты Бишкектеги мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясынын “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө өтүп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда биринчи жолу бийлик тынчтык жолу менен башка президентке өткөрүп берилүүдө.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти кызматын 2011-жылдын 1-декабрынан баштап ээлеп келди. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президенттик кызматка шайланды.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык, өлкө президенти бир жолку 6 жылдык мөөнөткө шайланат.

Инаугурацияга 450 адам чакырылган. Анын ичинде КР Баатырлары, коомчулук, чыгармачылык жана илимий интеллигенция өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.

Салтанатта Кыргызстандын шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун ант берүүсү, ага күбөлүк, Төш белги жана Мамлекет башчынын мөөрүн тапшыруу өтөт.

Салтанаттын соңунда Кыргызстандын борбору – Бишкекте үч жолку залп атылат.

Андан соң Атамбаев жана Жээнбеков Жогорку Кеңештин имаратына багыт алышат.

Мындан кийин алар Мамлекет башчынын иш бөлмөсүнө барышат.

Пикир

Оставить комментарий