• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү аяктады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда саат 20:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери жабылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү аяктады.

Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ эле.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, кечки саат 18:00гө карата шайлоочулардын 33,13%ы президенттик шайлоодо добушун берди. Президенттик шайлоодо 1 млн 180 миң 515 жаран өз тандоосун кылышты. Ал эми ошол эле саатка карата башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 1 млн 178 миң 656 жаран добушун берди. Ал жалпы шайлоочулардын 33%ын түзөт.

Мыйзамга ылайык, жалпы шайлоочулардын 30%дан ашыгы добуш берсе, референдум өттү деп таанылат.

Эскерте кетсек, президенттикке 17 талапкер ат салышты:

1. Садыр Жапаров;
2. Канатбек Исаев;
3. Мыктыбек Арстанбек;
4. Клара Сооронкулова;
5. Имамидин Ташов;
6. Рашид Тагаев;
7. Абдил Сегизбаев;
8. Адахан Мадумаров;
9. Аймен Касенов;
10. Улукбек Кочкоров;
11. Жеңишбек Байгуттиев;
12. Эльдар Абакиров;
13. Курсан Асанов;
14. Арстанбек Абдылдаев;
15. Равшан Жээнбеков;
16. Бактыбек Калмаматов;
17. Бабыржан Төлбаев;
18. Каныбек Иманалиев.

Ал эми референдумда өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча маселе көтөрүлдү:

- президенттик башкаруу;
- парламенттик башкаруу;
- бардык варианттарга каршы.

Пикир

Оставить комментарий