• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 15-декабрда президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды.

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Үгүт иштери 26 күнгө созулат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткен. Мыйзамга ылайык мындан улам БШК президенттик шайлоону 10-январга белгилеген.

Президенттикке 18 жаран талапкер болууда:

1. Бабыржан Төлбаев;

2. Садыр Жапаров;

3. Аймен Касенов;

4. Арстанбек Абдылдаев;

5. Равшан Жээнбеков;

6. Курсан Асанов;

7. Элдар Абакиров;

8. Адахан Мадумаров;

9. Абдил Сегизбаев;

10. Жеңишбек Байгуттиев;

11. Мыктыбек Арстанбек;

12. Клара Сооронкулова;

13. Рашид Тагаев;

14. Бактыбек Калмаматов;

15. Каныбек Иманалиев;

16. Имамидин Ташов;

17. Канатбек Исаев;

18. Улукбек Кочкоров.

Пикир

Оставить комментарий