• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда президенттик шайлоо боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда президенттик шайлоо боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү.

Саясий социология илим изилдөө институту (Москва шаары) өз демилгеси менен кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Сурамжылоо республиканын бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн. Сурамжылоого 18 жаштан улуу 7 миң 88 киши катышкан.

“Эгерде Кыргызстандын президентин шайлоо келе жаткан жекшемби күнү өткөрүлсө, сиз шайлоого бармак белеңиз?” деген суроого сурамжылоого катышкандардын 84,5%ы “ооба” деп жооп берген. 10,6%ы шайлоого барууга даяр эмес экенин айтса, 4,9%ы жооп берүүдө кыйналган.

“Мындай сурамжылоолордун тажрыйбасы көрсөткөндөй, ар кандай себептерден улам шайлоого реалдуу катышуу болжолдонгондон да төмөн болот. Анткен менен Кыргызстан 2021-жылдын январь айында бул көрсөткүч боюнча жаңы рекорд коет деп айтууга негиз бар. Добуш берүүгө барам дегендердин көбү Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустарында болгон. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда шайлоочулардын добуш берүүсү аз болору күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: биринчи орунда президенттин мурдагы милдетин аткаруучу Садыр Жапаров (59,11%), экинчи орунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров (3,23%), андан кийин парламенттин экс-спикери Канат Исаев (0,86%) турат. Алдыңкы бештикке мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов (0,28%) жана активист Арстан Алай (Абдылдаев) (0,26%) кирген. Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 0,22% добушка ээ болушу мүмкүн.

Кыргызстандыктардын 21,57%ы кимди тандай турганын азырынча чече электигин билдирген же социологдордун суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Сурамжылоого катышкандардын 9,49%ы бардык талапкерлерге каршы добуш берерин айтышкан.

Сурамжылоо телефон аркылуу аркылуу жүргүзүлгөн. Сурамжылоого бир үйдөн бир гана адам катышкан. Сурамжылоого катышкандардын 53%ы эркектер, 47%ы аялдар болгон.

Пикир

Оставить комментарий