• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда президенттик шайлоо учурунда 2375 тилке түзүлөт – БШК

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 11.09.17 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстанда президенттик шайлоо учурунда 2375 тилке түзүлөт. Бул тууралуу Борборшайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин шайлоого даярдануу боюнча жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, Бишкекте 234 тилке ачылса, алардын 33ү кошумча болот.

“Мурда айтылгандан ТИМдин линиясы боюнча 37 тилке ачык болот. Башка облустарга мурдагыдай боюнча калат. Жаңы тилкелер Жалал-Абад жана Нарын облустарында ачылат”,-деди ал.

Шайлдабекова билдиргендей, БШКга бардыгы болуп президенттикке ат салышууну каалаган 59 адамдан арыз келип түшкөн.

“Алар арасында 11 адам партия тарабынан көрсөтүлгөн. 9-сентябрда талапкерлерди каттоо аяктады. Бардыгы болуп 13 талапкер катталды, алардын бешөө – партиядан. 9 адам өз арызын кайтарып алышты, 37 адамды каттоодон баш тартылды. Экөө – 35 жашка чыга электигине байланыштуу, үчөө – шайлоо фондун тийиштүү түрдө жана убагында түзбөгөндүгү үчүн, экөө - соттолгондугу алына электигине байланыштуу. 21и кол топтоо баракчаларын алып келишкен эмес. Дагы алтоо кыргыз тилин билгендиги тууралуу сертификатты тапшырышкан эмес. 9 адам кол топтоо баракчасынын ишенимдүү эместигине байланыштуу каттоодон баш тартылды”,-деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий