• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин азырынча эч ким көрсөтө элек

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин азырынча эч ким көрсөтө элек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ал маалымдагандай, жарандар президенттин кызмат ордуна шайлоонун датасы жарыяланган күндүн эртеси күнү өз талапкерлигин көрсөтө алышат. Ошентип, талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 14-ноябрда аяктайт.

Мыйзам боюнча, президенттикке талапкер болуунун эки жолу бар: өзүн тарапкер катары көрсөтүү жана партия өзүнүн талапкерин көрсөтө алат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда 2020-жылдын 15-октябрында тапшырып берген.

Пикир

Оставить комментарий