• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин көрсөтүү башталды

Коом 0

Бишкек, 15-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бүгүн, Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, президентти жана ЖКнын депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга ылайык, шайлоо күнү расмий жарыялангандын эртеси күндөн тартып, мамлекет башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү процесси башталат. Президенттикке талапкерди көрсөтүүгө саясий партиялардын жана КР жарандарынын укугу бар. Талапкер көрсөтүү процесси шайлоого даярдануу жана аны өткөрүүдөгү маанилүү баскычтардын бири. Талапкерди көрсөтүү 1-августта, тагыраагы шайлоого 75 күн калганда токтойт.

Шайлоо өткөрүүдөгү экинчи маанилүү этап бул, талапкерлердин документтерин кабыл алуу болуп саналат. Ал үчүн талапкердин аны колдогон жарандардан 30 миң колу керек болот. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү шайлоого 45 күн калганда, башкача айтканда 1-сентябрга чейин токтойт.

“Андан соң кандидаттарды каттоо башталат. Ал процесс 10-сентябрга чейин созулат. Андан соң гана талапкерлердин үгүт иш-аракеттери башталат. Ал эми үгүттөө 14-октябрда аяктайт”,- деди Бекматов.

Мыйзамга ылайык, мүчөлүк акы 1 млн сомду түзөт.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев талапкерлер Кыргызтесттен мамлекеттик тилди билгендиги боюнча сертификат, ошондой эле ал Кыргызстандын аймагында 15 жылдан кем эмес жашашы керек экендигин кошумчалады.

Мындан тышкары ал, эгер талапкер мамлекеттик кызматты ээлеген болсо, маселен премьер-министр болуп иштесе, анда ал каттоодон өткөн учурдан тартып, кызматын убактылуу өткөрүп берүүсү шарт. Ал эми анын ордуна биринчи вице-премьер-министр убактылуу ишин аткарып турат. Ушундай эле көрүнүш башка кызмат абалдарында дагы кайталанашы керек.

Эскерте кетсек, 14-июнда Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча токтомду бекиткен.

Пикир

Оставить комментарий