• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда президенттин шайлоо 2017-жылы 19-ноябрда өтөт

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-февралда Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы БШК иши жана өлкөнүн шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды. Н.Шайлдабекованын сөзү боюнча, мурда болгон шайлоолорду жана добуш берүүлөрдү терең талдоо менен БШК кемчиликтерди четтетип, шайлоо процессин дагы жакшыртуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Мамлекет башчысы конституциялык мыйзамга ылайык ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде, так айтканда, быйыл 19-ноябрда боло турган жаңы Президентти шайлоонун мааниси зор экенин белгиледи.

«Шайлоого чейинки тогуз айдын ичинде иштеги бардык кетирилген катачылыктарды жана кемчиликтерди четтетип, жаңы Мамлекет башчысын ачык жана адилеттүү шайлоону камсыз кылуу керек, - деп баса белгиледи Президент А.Атамбаев. – Адилеттүү жана эркин шайлоолор гана бийликтин легитимдүүлүгүнүн жана өлкөнүн туруктуулугунун кепили боло алат».

Пикир

Оставить комментарий