• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда пробация боюнча 47 кеңеш түзүлгөн

Коом 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда пробация боюнча 47 кеңеш түзүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында пробация кызматынын жетекчиси Айгүл Каткелдиева кабарлаган.

Анын айтуусунда, пробация тууралуу мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта киргизилип, учурда тийиштүү иш-чаралар жүрүүдө.

“Бүгүнкү күндө пробация боюнча 47 кеңеш түзүлгөн. Ал эми райондук администрацияларда иш-чаралардын бир жылдык планы бекитилген. Бирок бир гана Бишкекте пробация боюнча кеңешти түзүү маселеси чечиле элек. Бул кеңештерди райондордун акимдери жетектеп, маселелерди кароодо”, - дейт жетекчи.

Ошондой эле Каткелдиева кабарлагандай, аймактык пробация органдары үчүн бөлмөлөр 2018-жылы эле бөлүнгөн.

“Азыр бир да соттун чечими түшө элек. Бир гана Жалал-Абад облусунун Сузак районунан келген доклад бар. Бул тууралуу кененирээк маалымат кийинчерээк берилет”, - дейт пробация кызматынын жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий