• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда радиофармацевтикалык дарыкана жана молекулярдык визуализация борбору түзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында "Росатом" атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин, анын ичинде уран калдыктарын рекультивациялоону, аз кубаттуу атомдук электр станцияларын жана өзөктүк медицинаны талкуулашты.

“Уран казып алуу өнөр жайынан жапа чеккен мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” мамлекеттер аралык максаттуу программанын ийгиликтүү ишке ашырылып жатканына канааттануу билдирилди.

МинКаб Төрагасы калдык сактоочу жайлар менен байланышкан көйгөйлөрдү республикалык жана аймактык деңгээлде комплекстүү чечүүгө багытталган иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

“Росатом” атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору МинКаб Төрагасына өлкө аймагында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Кызматташтыктын бул багыты боюнча консультацияларды улантуу макулдашылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен “Росатом” атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын ортосунда Саламаттыкты сактоо тармагында энергетикалык эмес атомдук технологияларды колдонуу жөнүндө кызматташуунун өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Меморандумга ылайык, бул документ Кыргыз Республикасында жогорку технологиялык медициналык долбоорлорду биргелешип өнүктүрүүгө багытталган. Атап айтканда, Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында онкологиялык жана башка ооруларды диагностикалоонун жана дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары колдонула турган радиофармацевтикалык дарыкана жана молекулярдык визуализация борбору түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий