• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда референдум демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарынын негизинде өттү — ТүркПАнын миссиясы

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда Конституция боюнча референдум демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарынын негизинде өттү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясынын координатору Реджеп Шекер билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин чакыруусу менен ТүркПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы референдумга добуш берүүгө кыска мөөнөттүү байкоо жүргүздү.

“Миссиянын курамына Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын парламентинин мүчөлөрү, ошондой эле дипломатриялык кызматкерлери кирген. Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматтары боюнча, Конституция боюнча референдумга шайлоочулардын 37,22%ы катышып, талап кылынган 30%дык босогону басып өттү”, - деп айтат ал.

Реджеп Шекер кошумчалагандай, миссия Кыргызстандын шайлоо жана референдумга байланыштуу мыйзамдардын демократиялык стандарттарын бекемдөөдө орундуу жетишкендиктерин баса белгилейт.

“Миссия БШК тарабынан шайлоочуларга референдум тууралуу керектүү деңгээлде маалымат берүү менен коопсуздук кызматкерлер үчүн өткөрүлгөн окутуу программаларын абдан жогору баалайт. Добуш берүү күнүндө шайлоо тилкелериндеги санитардык талаптардын аткарылышын байкадык. Миссия Конституция боюнча референдум демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деп жыйынтык чыгарат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдумга добуш берүү өттү.

Пикир

Оставить комментарий