• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда ректорлордун Эл аралык форуму өтөт, ага дүйнөнүн 200 ЖОЖу катышат

Билим 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда ректорлордун Эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев күн мурун Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлору менен болгон жолугушууда билдирген.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, форум 2021-жылдын сентябрь айында өтүп, ага дүйнөнүн алдыңкы 200 жогорку окуу жайы келери күтүлүүдө.

Министрликтен мындай форум Кыргызстанда алгачкы жолу өтөт тургандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий