• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда республикалык театр жумалыгы өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, 26-30-март күндөрү Кыргызстанда “Республикалык театр жумалыгы” иш-чарасы өткөрүлөт.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандагы театр оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык ишмердүүлүгүн арттыруу, көрүүчүлөр менен тыгыз алакада байланыш түзүү максатында аталган жумалыкты өткөрүү пландалган.

Буйрукка ылайык, 2019- жылдын 26 – март күнү А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепкана Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана көркөм өнөр университети менен биргеликте “Кыргыз театрынын актуалдуу маселелери” аттуу конференция, 27-март күнү Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Кыргызстан театр ишмерлер союзу менен биргеликте салтанаттуу иш-чара уюштурулат.

30-март күнү саат 17:00дө Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтында “Театр керемети” аттуу салтанаттуу оюн-зоок программасы тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий