• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда Үркүн, Улуу Атамекендик согуш, афган согушу жана 2010-жылдагы Апрель революциясынын курмандыктарын эскеришет

Маданият 0


Бишкек, 13-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 1916-жылдагы Үркүн, Улуу Атамекендик согуш, афгна согушу жана 2010-жылдагы Апрель революциясынын курмандыктарын эскерүүгө арналган «Эскерүү ашы - ынтымак ашы» иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Сары-Өзөн-Чүй” коомдук бирикмесинин тең төрагасы Искендер Бейшенбаев билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка ылайык өткөрүлүүдө. “Демилгечилер өлкөнүн 8 районунун жана 2 шаарынын жашоочулары. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан каалоочуларды чакыруу пландаштырылууда. Ошондой эле, биз Үркүн, Улуу Атамекендик согуш, афган согушу жана 2010-жылдагы Апрель революциясынын, Оштогу июнь окуяларынын курмандыктарын гана эмес, ата-бабаларыбызды, жакындарыбызды жана энелерибизди эскеребиз. Арбак ыраазы болмоюнча, тирүүлөр бакыт тааба албайт дейт эмеспи”, - деди ал.

Ошондой эле, И.Бейшенбаев бул эскерүү иш-чарасын «Эскерүү ашы - ынтымак ашы» деп бекеринен аташкан эмес. Мында кыргыздарды ынтымакка чакырып, ажырымдын алдын алып жана тынчтыкка үндөшөт. “Биз уюштуруучулар катары бул демилгени колдогогон ыктыярчылар чыкканын белгилей кетишибиз зарыл. Биз эч кимден каржылык колдоо сураган жокпуз”, - деп, алардын иш-чарасы саясаттан тышкары экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде “Азиз-Аска” көз карандысыз профсоюзунун төрагасы Оомат Казакбаев акыркы мезгилде адам өлүмүнө алып келген, аэропортко жакын жерде учактын кыйрашы сыяктуу жана башка ар кандай терс окуялар болуп жатканын белгиледи. “Биз кетирген катачылыктарыбыз үчүн ата-бабаларыбыздан кечирим сурап, жолубуздун ачылышын, тынчтыкта жана өз ара ынтымакта жашоону тилейли деп жатабыз”, - деди О.Казакбаев.

Мындан тышкары, Чүй облусунун Аксакалдар кеңешинин башчысы Шерибек ажы Карабеков, анын пикиринде эскерүүдө өлкөнүн 7 облусунан 10 миңден кем эмес адам болот деп билдирди. “Биз курман болгондорду эскерип, өлкөбүзгө тынчтык жана өнүгүүнү каалагандардын бардыгын чакырып жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий