• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сүйүшкөндөр күнүндө 68 түгөй баш кошуу үчүн арыз беришкен

Коом 0

Бишкек, 23.01.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан боюнча үстүбүздөгү жылдын 14-февраль сүйүшкөндөр күнүндө баш кошууну каалаган 68 түгөй арыз тапшырган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Жарандардык актыларды каттоо бөлүмүнүн мыйзамына ылайык, белгилүү бир күнү баш кошууну каалаган түгөйлөр өздөрүнүн арызын бир ай мурун калтырышы керек. Аталган 68 арыз 13-14-январь күндөрү берилген.

“Баардык берилген арыздардын ичинен беши Бишкектен, алтысы Ош шаарынан берилген. Ал эми калганы республиканын башка аймактарынан келип түшкөн”, - деп билдиришти Мамкаттоо кызматынан.

Андан тышкары, көп учурларда түгөйлөр нике кыйып, бирок мыйзамдуу түрдө никесин каттоого кийинчерээк келишет. Ушундай учурларда эгер никесин каттап жаткан түгөйлөрдүн ортосунда балдары болгон болсо, жарандык актыларды каттоо бөлүмү балдарынын документтерин көрсөтүүнү талап кылышат, деп берилет маалыматта.

“14-февраль күнү никесин каттоону каалап, арыз бергендердин саны өзгөрүшү мүмкүн. Анткени кээ бирлери ар кандай себептер менен келбей же никесин каттабай калышат. Ошол себептен сүйүшкөндөр күнү канча түгөй мыйзамдуу түрдө баш кошкондугу тууралуу так маалымат 14нөн кийин болот. Ал эми учурда арыз бергендерин саны 68”, - деп кабарлашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий