• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда сүт өндүрүү көбөйүп, жумуртка азайган — Айыл чарба министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда ноябрда 1324,9 миң тонна сүт өндүрүлдү. Өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү эки пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 19,7 миң башка жана бир уйдан саалган орточо саан 3,2 кг көбөйүшү менен байланыштуу.

Ал эми ноябрда республикада 443 миң 617 даана жумуртка өндүрүлдү, өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 1 миң 545 даанага азайган же 99,7 пайызды түздү.

Республика боюнча жумурка өндүрүү Ысык-Көл жана Чүй облустарынан тышкары, бардык облустарда көбөйүшү байкалат.

2021-жылдын ноябрында жумуртка өндүрүү былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда 86,8 пайызга жана Чүй облусунда 99,8 пайызга төмөндөшү байкалат. Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктын маалыматы боюнча, 2021-жылдын башында “Самат и Ко” жумуртка багытындагы үй канаттуулар фабрикасынын жабылганына байланыштуу Ысык-Көл районунда жумуртка өндүрүү 48,1 пайызга былтыркы жыл менен салыштырмалуу азайган.

Республикада жумуртка өндүрүүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби тооктордун саны 147,6 миң башка азайышы менен байланыштуу. Ысык-Көл облусу боюнча тооктордун саны 134,3 миң башка азайган, Чүй облусу боюнча тооктордун саны 53,6 миң башка азайган.

Пикир

Оставить комментарий