• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда саат 10:00гө карата референдумга шайлоочулардын 2,78%ы добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда саат 10:00гө карата башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга шайлоочулардын 2,78%ы добуш берди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, саат 10:00гө карата референдумга жалпы 98 миң 894 жаран добушун берди.

Аймактар боюнча алганда:

- Ош шаарында 11 458;
- Ысык-Көл облусунда 8 123;
- Бишкекте 12 093;
- Жалал-Абад облусунда 18 533;
- Нарын облусунда 5 553;
- Ош облусунда 19 524;
- Талас облусунда 3 785;
- Чүй облусунда 12 732;
- Баткен облусунда 7 093.

Пикир

Оставить комментарий