• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда саясий консолидацияга карай кадам же президенттер эмнеге жөндөмдүү

Аналитика 0

Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда ыңкылаптарга, саясий жана социалдык кризиске алып келген көптөгөн саясий толкундоолорду башынан өткөрдү. Бул арада Кыргызстан дүйнөнүн көңүл борборунда болду. Ал эми бүгүнкү күндө өлкөдө көптөгөн башка өлкөлөргө үлгү боло турган маанилүү окуя болууда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров лидердик сапатын көрсөтүп, бири-бири менен сүйлөшүп, биримдикке келүүсү үчүн мурдагы өлкө башчыларынын барын бир столго чогултту.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп жатып жолугушуунун максаттарынын бири мурдагы президенттерди, атап айтканда Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду элдештирүү экенин белгиледи.

Бул тездик менен өзгөрүп жаткан глобалдык саясий чөйрөнүн шартында өлкөнүн бардык саясий лидерлери чогулуп, Кыргызстандын келечегине байланышткан маселелерди биргеликте чечүү жана өз ара тирешпестен өлкөнүн өнүгүүсү жана гүлдөшү үчүн биригүүсү президент үчүн маанилүү экендиги менен түшүндүрүлөт.

Тактап айтканда, мамлекет башчысы мамлекеттин өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө жетишүү үчүн ички туруктуулук жана биримдик зарыл экенин белгилеп, Кыргызстан башка мамлекеттер сыяктуу эле ааламдашуу чакырыктарына туш болуп жатканын жана дүйнөнүн өзгөрүлүп жаткан шарттарына ыңгайлашып, өнүгүү зарылчылыгын белгиледи.

Ошол эле учурда президент анын президент болушуна кимдир-бирөө жардам берген деген кептерди жокко чыгарды.

"Урматтуулар, негизги сөзгө өтөөрдөн мурда, сиздерге бир нерсени айтып коеюн. Кыргыз саясатчылары жалган сөздөрдү таратмай адатыбыз бар эле. Тилекке каршы, элибиз дагы ошондой ушактарга тез ишенип алат. Мен жөнүндө 13 жылдан бери эле "Бакиевден акча алып келип революция кылганы жатат, Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алып шайлоого барды. Экөөнө көз каранды" деген сыяктуу жалган сөздөрдү тараткандар болду. Кудайдын куттуу жери, пайгамбарыбыздын буту баскан ыйык жерде олтурабыз. Бирөөңөрдөн бир тыйын алган болсом, ушул жерден Кудай алдында айткыла", - деп кайрылган Жапаров мурдагы президенттерге.

Мамлекет башчысы мурдагы президенттердин алдында финансылык дагы, саясий дагы милдеттемеси жок экенин баса белгиледи.

“Менин президент болушума бирөөңүздөрдүн дагы тиешеңер жок. Бир гана Кудай алдында, анан карапайым элдин алдында милдеттүүмүн. Кудай колдоп, карапайым эл алып келип бийликке койду. Ошондуктан “арабызда олтургандардын арасынан бирөө-жарымга милдеттенмеси барбы” деген ар кандай күмөн ойлордон алыс болуңуздар.

Сидерди чогулткан себебим бирөө эле - ынтымакка алып келүү. Башчылар ынтымакка келмейин, башкалар ынтымакка келиши кыйын экен. Ошондуктан тарапташтарыңарды ынтымакка чакыргыла. Чындап келсе мен силердин тарапташтарыңардын колдоосуна деле муктаж эмесмин. Өзүмдү колдогон 80 пайыз элдин колдоосу деле президенттик мөөнөтүм бүткөнчө жетет. Бирок калган 20 пайыз эл “баланчаевчи, түкүнчөевчи” болуп алты-жетиге бөлүнүп жүрөт. Келгиле бир эле кыргызстандык бололу. Көрүп турасыздар, дүйнөдө акыбал начар болуп турат. Кыргызстан эми гана бутубузга туруп келатабыз. Былтыр экономикабызда жакшы жылыштар болду. Быйыл андан да жакшы болот. Эмдиги жылы андан беш бетер болот. Кылымдын долбоору болгон темир жол, ири ГЭСтерди куруу иштерин баштадык. Ушундай ири долбоорлорду ишке ашырып алышыбыз керек. Ошондо Кыргызстандын келечеги кең болот. Күчтүү мамлекет болобуз, Кудай буюрса", - деген Садыр Жапаров жолугушууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, мурдагы президенттер тил табышып, 4 сааттан ашык сүйлөшүп отурушкан. Бул Садыр Жапаров аларды исламдын негизги принциптеринин бири болгон ырайымдуулук жана кечиримдүүлүк керек экендигине ынандыра алгандыгынын белгиси.

Садыр Жапаров чыныгы лидердик сапатын көрсөтүп, ал өлкө ичиндеги эле көйгөйлөрдү эмес, бүтүндөй аймактагы туруктуулукту сактоо жөндөмдүү экенин көрсөтө алганын баса белгилей кетүү керек. Эбегейсиз аракетинин аркасында ал мурдагы президенттерди Кыргызстандын бакубаттуулугун ойлоп, таарынычтарын унутуп, келечекке кароо керектигине ынандырды.

Садыр Жапаровдун мындай аракети өлкө элинин тынчтык жана гүлдөп өнүгүүгө үмүт арткан жарандарынын арасында колдоо тапты. Эл андан өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсү үчүн бириктирүүгө жөндөмдүү лидерди көрө алды. Анткени, маселени чече билген, зордук-зомбулуктан жана чыр-чатактан алыс лидер гана келечектеги бардык президенттерге үлгү боло алат.

Албетте президент Садыр Жапаровдун лидердик сапатын көрсөтүшү Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жол ачышы мүмкүн. Анткени, өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болгондо гана бизнес өнүгүп, инвестиция келет.

Мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөө жана бардык кыргызстандыктарды бириктирүү үчүн жалпы максатка – өлкөнүн гүлдөп өсүшүнө жетүү үчүн бардык саясий күчтөрдүн аракетин бириктирүү зарыл экендиги эч кимге жашыруун эмес.

“Биз өткөндөрдү унутуп, алдыга гана карашыбыз керек. Коррупция менен күрөшүү, экономиканы өнүктүрүү жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо сыяктуу учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасашыбыз керек”, - деди президент.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов дагы журт башчыларынын жолугушуусу боюнча позитивдүү көз карашын билдирди. Ал өлкөнүн мурдагы лидерлеринин ортосундагы элдешүүсү бүтүндөй коомчулук үчүн маанилүү болуп саналарын белгиледи.

“Мурдагы лидерлердин өз ара чечишкени алардын жеке иши, муну кубаттоо керек. Эң негизгиси бул коомчулук үчүн үлгү жана жеке элдешүү фактысы болду”, - деди Кулов.

Ошентип, Кыргызстандын мурдагы президенттеринин жолугушуусу өлкө тарыхынын маанилүү этабы болуп калышы мүмкүн. Ал эми алардын жеке жарашуусу Кыргызстанда тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого салым кошо алат. Президенттин жана башка саясий лидерлердин позитивдүү мамилесин да Кыргызстандын экономикалык жана саясий өнүгүүсүн жакшыртууга жасалган маанилүү кадам катары баалоого болот.

Президенттин саясий күчтөрдүн башын бириктирип, Кыргызстандын өнүгүүсүнө багыттоо аракети кандай кабыл алынбасын, эгер бир дасторконго чогулган адамдар Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаса, президенттин аракети текке кетпейт. Албетте, жолугушуудан кийин дагы чечилбеген маселелер болот деп күтсө болот эле, бирок Садыр Жапаров жарыялагандай, мындай жолугушуулар улана бермекчи.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий