• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда "Салттуу музыка жумалыгы" өтөт - иш-чаралардын программасы

Коом 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда 20-25-апрель күндөрү "Салттуу музыка жумалыгына" арналган 15 маданий иш-чара өтөт. Иш-чаранын программасы тууралуу уштуруучулар кенен айтып беришти.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданият, искусство жана чеберчилик башкармалыгынын жетекчиси Дамира Алышбаеванын айтымында, быйыл "Салттуу музыка жумалыгы" 15-ирет уюштурулуп, мааракелүү иш-чара болууда. Бул иш-чара Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде министрлик тарабынан, коомдук, эл аралык фонддор жана бейөкмөт уюмдардын каржылык колдоосу менен уюштурулуп келет.

"Мындай ири иш-чаралар эл аралык фонддор жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте өткөндө чоң жыйынтык берет. Ал өлкө ичинде гана эмес, анын сыртында да көпчүлүктүн көңүлүн бурат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, дүйнө эпосторунун дүйнөлүк фестивалы жана "Теңири мюзик", "Оймо" сыяктуу долбоорлорду мисал катары келтирүүгө болот. Биз, бул долбоорлор аркылуу өлкөдө кандай таланттар бар экендигин билип, өзүбүздүн маданий ресурстарыбызды тактап жатабыз жана алардын өсүшү үчүн өбөлгө түзүүдөбүз", - дейт Алышбаева.

Ал эми "Кыргыздын салттуу музыкасы" фондунун негиздөөчүсү, КР эл артисти, маданият илимдеринин доктору, профессор Роза Аманова белгилегендей, 2004-жылы ушул темага арналган илимий-практикалык конференция "Салттуу музыка жумалыгын" өткөрүүнүн башаты болгон. Ошол күндөн тарта жыл сайын 25-апрель күнү тематикалык маданий иш-чаралар өткөрүлө баштап, 2009-жылдан кийин алардын программасы бир жумалык болуп кеңейген. Ошентип, өлкөдө кыргыздардын мурасы болгон этномаданиятты муундан-муунга өткөрүп берүү гана эмес, аларды илимий жактан изилдөөгө да шарттар түзүлгөн.

КРнын Эмгек сиңирген артисти, "Кыргыздын салттуу музыкасы" фондунун төрагасы Азамат Болгонбаев белгилегендей, бул жылы "Салттуу музыка жумалыгындагы" иш-чара өзүнчө ар бир күнгө белгиленген: лекция менен мастер-класстар, тасмаларды көрсөтүү, эл аралык илимий-практикалык конференция, салттуу көргөзмө-жарманке жана чоң гала-концерт.

"Кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгын ар бир жанры, ар бир чыгармасы ЮНЕСКОдо шедевр деп айтылып, уюмдун ардактуу тизмесине киргизилген. Мында дүйнөгө манасчылык өнөрдү, дастан, айтыштарды жеткирип жаткан коомдук фондордун салымы чоң", - деди Болгонбаев.

Салттуу музыка жумалыгынын программасы:

20-апрель:

- Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде "Салттуу музыка искусствосунун окуу жайларда окутулушу" темасында тегерек стол өткөрүлөт;

- К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында көп аспаптарда ойногон КРнын эмгек сиңирген артисти Нурлан Нышановдун мастер-классы болот.

21-апрель:

- Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө Нурлан Нышановдун салттуу музыкалык аспаптарды үйрөтүү боюнча видео-сабактарынын презентациясы болот;

- Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө Мелис Убукеевдин "Манас ааламы" фильми көрсөтүлөт.

22-23-апрель:

- Музыкалык окуу жайларда салттуу музыка темасы боюнча талкуулар жүрөт.

24-апрель:

- Улуттук илимдер академиясында эл аралык илимий-практикалык конференция болот.

25-апрель:

- Ала-Тоо аянтында көргөзмө-жарманке өткөрүлүп, кечинде чоң гала-концерт өтөт.

Пикир

Оставить комментарий