• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда салык карызы дээрлик 6 млрд сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча салык карызы 5 млрд 917,1 млн сомду түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

Ал белгилегендей, анын ичинен өнбөөчү карыз 3 млрд 763,8 млн сомду түзөт.

"Республиканын салык органдары 2019-жылы салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча иш жүргүзүп, анын натыйжасында бюджетке 5 млрд 108,7 млн сом түшкөн. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 914,6 млн сомго көп же өсүү ыргагы 121,4%ды түзөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий