• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда Салык терминдеринин сөздүгү жарык көрдү

Экономика 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы алгачкы жолу Салык терминдеринин орусча-кыргызча/кыргызча-орусча сөздүгүн даярдап, чыгарды.

Сөздүктүн расмий бет ачарына Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Асылбек Эрмеков, өкмөткө караштуу Терминологиялык коммиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, Жогорку Кеңештин Аппаратынын, өкмөттүн Аппаратынын жана президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышышты.

Сөздүк мезгил талабына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын алкагында даярдалды.

Терминологиялык басылма салык кызматынын ишмердигине тийиштүү 3000ге жакын сөздү, сөз айкаштарын жана алардын маанилерин ичине камтып, эки бөлүмдөн турат: биринчи бөлүмдө орус тилинен кыргыз тилине которулган, экинчисинде – кыргыз тилинен орус тилине которулган терминдер камтылды.

Сөздүктө берилген терминдер терминология жаатындагы так эместиктерди жана карама-каршылыктарды жоюуну камсыз кылуу үчүн бирдейлештирилди.

Басылма салык жана экономика жаатындагы адистерге, салык төлөөчүлөргө, экономикалык жогорку жана атайын окуу жайларынын окутуучуларына, студенттерине арналып, миң нускада басылып чыкты.

Сөздүк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссия тарабынан бекитилип берилди. Анын төрагасы С.Мусаев белгилегендей, Салык терминдеринин орусча-кыргызча/кыргызча-орусча сөздүгү – мамлекеттик органдар арасында бул багыттагы биринчи эмгек болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий