• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда салыктарды перифериялык түзүмдөр аркылуу төлөө 1,5 эсеге өстү

Экономика 0

Бишкек, 03.11.18 /Кабар/. 2018-жылдын 10 айында Кыргызстанда салыктарды перифериялык түзүмдөр аркылуу төлөө боюнча төлөмдөрдүн саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир жарым эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Алсак, жыл башынан бери бюджетке перифериялык түзүмдөр аркылуу 342,5 млн сом суммасындагы 294 миң 628 салык төлөмдөрү жүргүзүлгөн, ал эми 2017-жылдын ушул эле мезгилинде цифралар тиешесине жараша 186,8 млн сомду жана 180 миң 257 төлөмдү түзгөн.

Бул жылы төлөмдөрдүн саны боюнча калк арасында эң белгилүүсү төлөм терминалдары эсептелет, алар аркылуу 245,3 млн сом суммасында 254 миң 519 төлөм жүргүзүлгөн.

Салык төлөөчүлөр салыктарды төлөөнүн башка инновациялык методдорун да пайдаланышкан. Мисалга алсак, банкоматтар аркылуу 18,9 млн сом суммасында18 миң 283 төлөм, веб-кассалар – 68,2 млн сом суммасына 11 миң 461 төлөм, электрондук капчык – 5,3 млн сом суммасында7 миң 553 төлөм, интернет-банкинг – 3,5 млн сом суммасында 1 миң 991 төлөм, мобилдик банкинг аркылуу –563 миң сом суммасында 495 төлөм жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы биринчи жолу Card readerпайдаланыла баштады, ал аркылуу 591 миң сом суммасында 326 төлөм жүргүзүлгөн.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, төлөм терминалдары аркылуу 147 млн сом суммасында 167 миң 85 төлөм түргүзүлгөн, банкоматтар аркылуу 7,2 млн сом суммасында10 миң 179 төлөм, веб-кассалар – 1,5 млн сом суммасында 716 төлөм, электрондук капчык – 1,8 млн сом суммасында 1 миң 284 төлөм, интернет-банкинг – 2,1 млн сом суммасында 1 миң 251 төлөм, мобилдик банкинг аркылуу – 9,6 миң сом суммасында 12 төлөм жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда, Кыргызстанда салыктарды төлөөнүн ар кандай инновациялык ыкмалары, анын ичинде “Интернет-банкинг”, “Мобилдик банкинг” системалары аркылуу, ошондой эле төлөм терминалдары, WEB-касс, банкомат, POS-терминалдар аркылуу (төлөмдүк банк терминалдарын пайдалануу менен) салык жана төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарколдонулууда. Салык төлөөчүлөр бир катар салыктарды, анын ичинде ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгын, киреше жана жер салыгын төлөө үчүн ушул кызматтардын каалаган түрүн пайдаланса болот.

Мамлекеттик салык кызматы аралыктан тейлөөнүн ар кандай ыкмалары менен калкка накталай эмес эсептешүүнүн тийиштүү кызматын көрсөтүү боюнча коммерциялык банктар менен жигердүү кызматташат. Бүгүнкү күндө накталай эмес салык төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча калкка кызмат көрсөтүү жөнүндө 16 банк менен келишим түзгөн.

Салыктарды төлөөнүн жаңы инновациялык ыкмаларын жайылтуу өлкөдөгү салыктарды төлөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү, ошондой эле, салык органдарынын ишинин болушунча ачык айкындуулугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий