• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда санариптик чөйрөдө жеке маалыматтарды коргоо боюнча жаңы мамлекеттик органды түзүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Учурда өлкөдөгү санариптештирүү көйгөйлөрү менен алектенип, аны көзөмөлдөй турган, жеке маалыматтарды коргоо боюнча өзүнчө мамлекеттик органды түзүү боюнча долбоор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик органдарын санариптештирүү боюнча маалымат жыйынында президенттин санариптик трансформация маселелери боюнча кеңешчиси Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча долбоордун алкагында жеке маалыматтарды коргоо тармагында чараларды күчөтүү милдети турат.

“Пландалып жаткан мамлекеттик орган көз карандысыз болот жана жарандардын санариптик чөйрөдөгү жеке маалыматтарын иштетүү боюнча маселелерди көзөмөлдөйт. Белгилүү бир бузуулар болгондо административдик же кылмыштык чараларды көрөт”, - деди Догоев.

Пикир

Оставить комментарий