• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда SARS CoV-2 вирусуна каршы жамааттык иммунитетти баалоо боюнча изилдөө жүргүзүлөт

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда SARS CoV-2 вирусуна каршы жамааттык иммунитетти баалоо боюнча изилдөө жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Профилактикалык медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору, профессор Омор Касымов билдирди.

Анын айтымында, изилдөөнү жүргүзүү үчүн Россиядан адистер келишкен.

“Изилдөө Бишкек, Ош шаарларында жана аймактарда өтөт. Жалпы ыктыярчылардын саны 10 миң 752 адамды түзөт. COVID-19 оорусун жуктуруп алып, стационардык же амбулатордук дарылоодон өтүп жаткан адамдар изилдөөгө кирбейт”, - деди ал.

Өз кезегинде И.П.Павлов атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик медициналык университетинин иммунология кафедрасынын башчысы Арег Тотолян билдиргендей, изилдөө Россиянын Роспотребнадзордун мамлекеттер аралык программаларынын алкагында жаш курак боюнча популяциялык стратификацияланган протокол боюнча жүргүзүлөт.

“Коронавируска каршы жамааттык иммунитетти баалоо боюнча ушундай эле изилдөө Россия боюнча жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле май-апрель айларында Беларуста мындай изилдөө жүргүзүлүп, алгачкы жыйынтыктар бар. Кыргызстанда кийинки жумада изилдөө башталат. Изилдөө COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүнүн абдан маанилүү компоненти болуп саналат, анткени жамааттык иммунитет жөнүндө маалымат жок пандемия менен күрөшүү мүмкүн эмес”, - дейт ал.

Ал белгилегендей, максат – жамааттык иммунитеттин жетиштүү деңгээлине жетүү.

“Эки жол менен жетүүгө болот: бул табигый жол, башкача айтканда, оорудан жана инфекциядан кийинки иммунитетке ээ болуу. Экинчиси, эмдөө аркылуу. Эгерде бизде орто кылымда жашасак, анда биз биринчи жол менен гана бармакпыз. Бирок заманбап дүйнөдө жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн өтпөсөк туура эмес”, - деди Тотолян.

Пикир

Оставить комментарий