• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Ден соолук 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны бир аз көбөйгөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Алардын маалыматына ылайык, учурда сасык тумоо боюнча туруктуу эпидемиологиялык абал түзүлгөн.

Аны менен бирге ведомстводон кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын январь айынын үчүнчү жумасынан тарта 4 миң 800 оорулуулардын кайрылуусу катталган.

Бул көрсөткүч 2018-жылы - 4 миң 783тү түзгөн.

“Былтыркы жылдын аягында ооругандардын саны 9 миң 125ти түзгөн. Азыркы учурда республика боюнча сасык тумоого байланыштуу эпидемиологиялык абал туруктуу жана Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө”, - деп билдиришкен басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий