• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандар көбөйө баштады

Ден соолук 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук оорулар менен ооругандардын көбөйө баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыл сайын октябрь айында сасык тумоо менен ооругандардын саны өсөт.

Атап айтканда, 14-октябрдан 20-октябрга чейин сасык тумоо менен ооругандардын саны 11,8%га өскөн (3 миң 453 учур катталган. 2018-жылы бул көрсөткүч 3 миң 43тү түзгөн).

Жылдык лаборатордук байкоонун маалыматы боюнча октябрь, ноябрь айларында грипп эмес вирустар пайда болот. Грипп кездешкен учурлар лабораториялык жактан аныкталган жок.

Кыргызстанда декабрь айында сасык тумоо менен ооругандардын саны өсөт.

Пикир

Оставить комментарий