• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат

Ден соолук 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда калкты сасык тумоого жана КРВИге каршы эмдөө ушул жылдын сентябрь айынын аягында башталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда вакцина алууга тендер өткөрүлүп, 111 миң вакцина боюнча келишим түзүлгөн.

"Эмидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дагы 700 миң вакцинага арыз даярдалды. Эмдөө сентябрь айынын аягында башталат. Биринчи кезекте тобокел тобуна кирген адамдар - 65 жаштан улуу адамдар, медицина кызматкерлери, өнөкөт оорусу бар адамдар, балдар үйүндөгү, мектеп-интернатындагы балдар, кош бойлуу аялдар эмдөөдөн өткөрүлөт", - деди ал.

Ал белгилегендей, өлкөдө тобокел тобуна кирген адамдардын саны 700 миңден ашат.

Пикир

Оставить комментарий