• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана канаттуулардын саны көбөйүүдө

Саясат 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын корголуучу жаратылыш паркынын аймагында сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана кызыл денелүү канаттуулардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар “Алатай” жаратылыш паркында орнотулган фото капкандарга сүрөткө тартылып калган.

Аталган камералар 2018-жылдын ноябрь айында ПРООН-ГЭФтин Батыш Тянь-Шанда жаратылышты сактоо боюнча долбоорунун алкагында жапайы жаныбарлардын санын аныктоо максатында орнотулган.

Сүрөттөрдө жаратылыш парктын аймагында сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын баардык түрлөрү жашай тургандыгы көрүнөт.

Агенттиктин жаратылышты жана жапайы жаныбарларды коргоого багытталган активдүү иштери өзүнүн жемишин берүүдө.

Жаратылышты коргоо агенттигинин кызматкерлери дайыма жергиликтүү эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды жаратылышты коргоого жана аяр мамиле жасоого чакырышат.

“Алатай” паркынын аянты 56 миң 826 гектарды түзөт. Бул паркта 200дөн ашык жаныбарлардын жана канаттуулардын түрүн, анын ичинде: ак илбирс, сүлөөсүн, аю жана башка сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды жолуктурууга болот.

Пикир

Оставить комментарий